Пример HTML-страницы

Оштогу тургундарга коомдук транспорт кызматтарын колдонуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 2-август күнү 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.

Бул системанын негизги максаты — шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат. Анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Кошумчалай кетсек, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE