Пример HTML-страницы

Оштогу окуучулар автоматты чачып-жыйнап, мылтыктан ок атуу боюнча күч сынашты. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында «Ак шумкар» аталышындагы аскердик-патриоттук мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарга шаардагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары катышты. Алар аскердик күжүрмөн даярдык, автоматтарды чачуу жана жыйноо, спорттук оюндар, кичи калибрлүү мылтыктардан атуу боюнча күч сынашты.

Мелдеш бир ай аралыгында шаардын бардык мектептеринде өткөрүлүп, финалдык бөлүгүнө 8 команда тандалып алынган.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун — №32 Жолон Мамытов атындагы мектеп;

  • 2-орун — №3 М.Ломоносов атындагы мектептин командасы;

  • 3-орун — №50 П.Нышанов атындагы мектептин командасы;

  • 3-орун — №16 мектептин командасы.

Сынактын жеңүүчүлөрү Ош шаардык мэриясынын ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE