Пример HTML-страницы

Оштогу кырсыктан кийинки окуянын видеосу тарады

Акыркы жанылыктар

TurmushСоциалдык тармактарда автоунаа кырсыгы катталган жерге келген милиция кызматкерлерин белигисиз жаран оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жаткан видео тарады.

Видеодо сөгүнүп жаткан жаран Ош шаардык жана Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилерин чакырууну талап кылып, «Жетекчилериңе шапалак берсем, унааны ордуна коюп берет» дегенин угууга болот.

Turmush басылмасына өздүк булактар аркылуу маалым болгондой, милиция кызматкерлерин сөккөн жаран күч түзүмдөрүндө иштейт.

Ал эми Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы аталган окуя 2023-жылдын 24-декабрында Ош шаарында катталганын билдирди.

Маалыматка караганда, «Фолькваген» үлгүсүндөгү унаа жол жээгинде токтоп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү эки унааны сүзүп токтогон. Анын кесепетинен «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаанын ээлери материалдык чыгымга учураган. «Фолькваген» унаасынын айдоочусу наркология борборуна жеткирилип, иш Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүпп берилди.

Окуянын видеосун Азамат Ормокеев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE