Пример HTML-страницы

Ошто жигитти аёосуз сабап өлтүрүшкөн. Дагы бир шектүү кармалды (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында жасалган кылмышка катыштыгы бар шектүү Ош облусунун аймагынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну — 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.

Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Буга чейин Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип, издөөгө алынган 2 жаран кармалган.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, бүгүн, 14-январда Чүй облусунда коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылган К.у.Э. менен Р.у.А. колго түштү.

——————

13-январга караган түнү саат 01:15 чамаларында Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндөгү банктын жанындагы аялдаманын артында белгисиз адамдар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н.нын денесине миздүү курч нерсе менен жаракат келтирип, ак түстөгү унаа менен качып кетишкен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.

Ошондой эле анын шериги — Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургуну Н.М. дагы денесинен (өзгөчө буту каттуу жабыркаган) жараат алып, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары башталган.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барып, кароо жүргүзүлүп, окуя болгон жай сүрөткө алынып, схемасы чийилип, тиешелүү материалдар чогултулуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, шектүүлөрдү аныктоого багытталган ыкчам иштер уюштурулган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары адамдардын тобу, ар биринин өздүктөрү аныкталган жана аларга издөө иштери жарыяланган.

Бул өзгөчө оор кылмыш иши кылмыш топторунун өз ара келишпестигинин натыйжасында жасалгандыгы боюнча маалыматтар алынган. Жыйынтыгында 13-январда кылмышты жасоодо пайдаланылган автотранспорт табылып, башкармалыктын атайын аянтчасына киргизилди.

Ошондой эле күнү бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө «Женго» деген каймана ат менен таанымал болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалган.

Жалпы 5 адамга издөө жарыяланган.

Алар:

— Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1995-жылы туулган тургуну Раимберди уулу Акылбек;

— Ош шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Коргонбай уулу Эламан;

— Ош шаарынын Жапалак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Шакир уулу Курсантбек;

— Өзгөн районунун 1991-жылы туулган тургуну Нурбек Чубаков;

— Өзгөн районунун 1992-жылы туулган тургуну Абдивали уулу Актилек.

—————————————————-

Буга чейин каза болгон жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары маалымдалган. Ал өлтүрүлгөн учур видеокамерага түшүп калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE