Пример HTML-страницы

Ошто жашап жаткан үйүнүн башкага өтүп кеткенин 4 жылдан кийин билген К.Матраимова бийликке кайрылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 5-июль күнү Ош шаарынын тургуну Кымбат Матраимова АКИпресс-Ошто маалымат жыйын куруп, өлкө башчысы Садыр Жапаровко, УКМКнын төрагасы К. Ташиевке кайрылып, жашап жаткан үйүнөн өзү билбеген абалда айрылып калганын айтып берди.

К.Матраимованын айтымында, ал үйүнүн башка бирөөгө өтүп кеткенин, паспорт алмаштырган убакта гана билген.

«2013-жылы Ош шаарынын Мичурин көчөсүнөн 37 миң долларга алып сатуу келишими менен эч кандай тоскоолдуксуз Мамкаттоого барып өткөрүп алганмын. Мага чейинки үй ээси Токтосун Аттокуров Жанболот Эркебаев дегенге үйүн саткан. Ал кишиден Мээрим Искендер кызы сатып алып, ал мага саткан. 2017-жылга чейин балдарым, неберелерим менен жашап жүрдүм. 2017-жылы паспорт алганы барып, базада жок экенимди, үйүм мага катталбаганын билдим.

Көрсө үйдүн биринчи ээси Токтосун Аттокуровдун күйөө баласы, жактоочу болуп иштеген Заур Жунусов (учурда Бишкек шаардык сотунда судья) Ош шаардык сотуна даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү боюнча Ош шаардык сотуна кайрылган. Кызыгы, мага эч кандай соттон кабар келген эмес. Ошол убактагы Ош шаардык сотунун төрагасы, азыркы учурда Чүй облусунда иштеп жаткан М.К. алгач үйдүн биринчи ээси менен экинчи ээсинин ортосундагы сатып алуу келишимин күчүнө киргизген. Күчүнө киргизген учурда сотто Токтосун Аттокуров «мен бул үйдү сатканмын, акчасын алып, документтерин бергем» деп көрсөтмө берип жатат. Ошол эле соттун төрагасы М.К. мыйзамсыз мөөнөтү өтүп кеткенден кийин Токтосун Аттокуровтун арызын алып, даттануу арызын кайра калыбына келтиргенге негизи жок болчу. Сот М.К.нын соттук катасынын негизинде бардык келишимдер жокко чыгарылып, анын ичинде менин да келишимим жокко чыгарылды.

Мен бул үйдү накталай акчага гезиттен таап, сатып алганмын. Эмнеге сот Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошкон жок түшүнүксүз», — деди ал.

Жабырлануучу үйдүн биринчи ээсине барып жолукканда, ал бул ишке кызыктар эмес экенин, күйөө баласы Заур Жунусов ушул үйдү кайра өзүңөргө алып берем дегенин айткан.

«Бул ишке тиешелүү, аты аталган адамдардын баарына жолуктум. Сот М.К. «чечимди мен чыгарган эмесмин» деп койду. Тиешелүү органдардын баарына арыз жаздым. Бирок бири да жарытылуу жооп берген жок. Мен жөндөн-жөн эле көчөдө калып кетемби?», — деген тургун бардык соттук чечимдер мыйзам бузуу менен болгонун кошумчалады.

Ал эми аты аталган Заур Жунусовго кайрылганыбызда бул иш боюнча кабары жок экенин гана билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE