Пример HTML-страницы

Ошто вице-мэр Жасур Азимов менен мэрдин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров кызматтан кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын муниципалдык менчик жана курулуш тармагын тескеген вице-мэри Жасур Азимов кызматтан кетти. Бул маалыматты Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Ошондой эле Ош шаарынын мэринин кеңешчиси Муктарбек Зулпукаров кызматын тапшырды. Алар бүгүн, 5-апрелде кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган.

Жасур Азимов 2018-жылдын 16-октябрынан бери аталган кызматты аркалап келген.

Ал эми Муктарбек Зулпукаров Ош шаарынын мэринин кеңешчиси болуп 2022-жылдын 13-декабрында дайындалган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE