Пример HTML-страницы

Ошто уурулукка шектелип 2 адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Облус аймагында кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан 21-22-ноябрь күндөрү «Уурулук» аталышындагы рейд өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чаранын алкагында уурулукка шектелип мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Кара-Суу районунун тургундары — 2000-жылы туулган М.И. жана 1987-жылы туулган Х.Ф. кармалып, камакка алынды.

Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде шектүүлөр бир нече жарандын үйлөрүнө кирип, үй буюмдарын уурдап кетишкендиги аныкталды. Бүгүнкү күндө алардын уурулук боюнча 5 фактыга тиешеси бар экени такталды.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда ыкчам тергөө иштери улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE