Пример HTML-страницы

Ошто муздан тайып жыгылган 40тай адам ооруканага кайрылган, экөөнө операция жасалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКыш мезгилинде коопсуздукту эске албай, муз тепкен адамдар денесинен жаракат алган учурлар жыл сайын кайталанып келет. Ош облусунун аймагында кыш мезгилинде эч кандай эрежелерди сактабай, өз алдынча муз тебүүчү жайларды иштеткендер бар.

Жашоочулар жол боюнда муз тээп, унаа бара жаткан жолго чыгып, бийиктен муз тээп түшүп, буту-колун сындырып алган учурлар күн алыс катталууда. Бирок мындай жайларды эч ким көзөмөлгө албайт.

Ош облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиевдин маалыматы боюнча, өткөн жылдын декабрь айынан бери муздан тайып жыгылган 37 жаран кайрылган. Алардын ичинен бешөө дарылануу үчүн ооруканага жатса, экөөнө операция жасалган. Алардын арасынан 17 адам жаштар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE