Пример HTML-страницы

Ошто милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында Ош ШИИБ боюнча ЖКККБнын милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери нааразычылык акциясын уюштурушту.

50дөн ашык кызматкер бүгүн, 28-июлда болжол менен кечки саат 21:00дө чогулуп, жетекчиликке карата нааразычылыктарын билдиришти.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, чогулган кызматкерлер жумушта интрига күч алып, жумуш убактысы 8 сааттан 12 саатка жогорулап кеткенин, жетекчилик тараптан басым жана кысымдар болуп жатканын айтышты.

Кызматкерлер менен милициянын кайгуул кызматынын башчысынын орун басары Марат Калматов жолугуп, түшүндүрүү иш-чарасын жүргүздү.

ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы иш таштоо акциясын уюштургандардын жоопкерчилиги мыйзам чегинде караларын, ички иликтөө кызматы тарабынан иликтөө иши жүрө турганын, бул ишти жетекчилик көзөмөлгө алганын билдирди.

Кийинчерээк чогулган кызматкелер нааразычылык акциясын аяктаганы белгилүү болду. Алардын бир бөлүгү нөөмөткө чыгып, кызматтык унаалары менен тиешелүү багыттар боюнча кетишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE