Пример HTML-страницы

ОшМУда Келдибай Алымкулов атындагы илимий-изилдөө борбору ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КРнын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, физика, математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Келдибай Алымкулов атындыга илимий-изилдөө борбору ачылды.

Иш-чара окумуштуу, педагог, насаатчы Келдибай Алымкуловдун 80 жылдык эскерүү мааракесине арналган «Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү» аталышындагы эл аралык илимий конференциянын алкагында өттү.

Келдибай Алымкулов атындыга илимий-изилдөө борборунун ачылышына ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты.

Аталган борбордо окумуштуу, дифференциялдык теңдемелер теориясында өзүнүн мектебин негиздеген насаатчы, педагог Келдибай Алымкуловдун өмүр бою жыйнаган математика илимине арналган сейрек кездешүүчү чет өлкөлүк окумуштуулардын чет тилдердеги, өзүнүн илимий изилдөөлөрүндө пайдаланылган орус, кыргыз тилдериндеги эмгектери, чет өлкөлүк илимий журналдарга жарыяланган илимий изилдөөлөрү коюлган. Борбор акыркы заманбап үлгүдөгү техникалык каражаттар менен камсыздалган.

«Агай өмүр бою дүйнө жыйбай, билим жыйнаган, шакирттерди тарбиялаган, интернет аркылуу, өзү конференцияга барганда чет тилдериндеги математика илимине тиешелүү китептерди жыйнап, өзүнүн илим алуусун өмүр бою улантып келген. Бул илимий борбордо агайдын колдонгон китептери, изилдөөлөрү коюлду, бул жерден студенттер, магистранттар, аспиранттар, окумуштуулар келип окуп, илимий изилдөө иштеринде пайдаланса деген максатта ачылды» ,- дейт алгебра жана геометрия кафедрасынын башчысы Толкун Папиева.

Келдибай Алымкулов ОшМУга, Кыргызстанга илимий кадрларды даярдоодо өзүнүн салымын кошкон окумуштуу, анын жетекчилигинде 2 илимдин доктору, 9 илимдин кандидаты илимий иштерин ийгиликтүү коргогон. 150дөн ашуун илимий макалалардын жана монографиялардын автору. 2008-жылы ОшМУнун алдында 01.01.02-дифференциялдык теңдемелер жана 01.01.04- геометрия жана топология адистиктери боюнча илимдин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациялык кеңешти ачып, 2015-жылга чейин жетектеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE