Пример HTML-страницы

ОшМПУнун стартаперлери 3 долбоорго грант утуп алды

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунда студенттер жана магистранттар үчүн комплекстүү алты күндүк бизнес окуу жыйынтыкталды.

Долбоордун алкагында катышуучулар прототип базасынан бизнес процессти өз алдынча алып кетүүгө чейинки керектүү билимдерди толук алышты. Аталган окуу курстун негизинде бизнес идеялардын сынагы уюштурулуп, ага жалпы 25 стартапер катышып, анын ичинен 3 долбоор атайын комиссия тобунун чечими менен тандалып алынды.

Тандалган бизнес идеяларга 2000$-6000$ суммасында кайтарымсыз грант берилет. Тренинг ишкердүүлүккө кызыккан жаштарга бизнес жүргүзүү жолдорун үйрөтүү, жеке ишкердикке даярдоо жана жумуш менен камсыздоо максатында уюштурулду. Ал «Жергиликтүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жаштардын арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү программасынын негизинде өткөрүлгөн.

2022-жылы «Жергиликтүү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында уюштурулган бизнес окуу курсунда Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарынан 450дөн ашуун адам окуп, алардын ичинен 56 бизнес долбоор тандалып, уюштуруучулар тарбынан ар бирине 3500$дан колдоо көрсөтүлгөн.

Ал эми аталган окуу курска ОшМПУнун студенттеринин сурамжылоосунан соң, жалпы 100дөн ашык өтүнмө кат келип түшкөн. Анын ичинен 30 студент тандалып алынып, жетекчилик тарабынан сабактардан бошотулуп, бизнес тренингге катышышкан.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE