Пример HTML-страницы

Ош ТУда «Стилдүү жылдыздар-2024» кароо-сынагы өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш технологиялык университетинде студенттер арасында «Стилдүү жылдыздар-2024» кароо-сынагы өттү.

Аталган сынакка жобого ылайык факультет, колледжден бирден жуп катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Сынак саламдашуу, классикалык образ менен чыгуу, таланттуу жылдыздар жана кечки образды көрсөтүү деген төрт турдан орун алды.

Жыйынтыгында «Стилдүү жылдыздар-2024» кароо-сынагында баш байгени кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин таланттуу студенттери багындырды. Экинчи орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин студенттери, ал эми үчүнчү орунду энергетика факультетинин студенттери камсыз кылышып, окуу жайдын жетекчилиги тарабынан дипломдор менен акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Бул иш-чаранын максаты жаштар арасындагы достукту, ынтымакты чыңдоо, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу жана таланттуу жаштарды колдоп, алардын эл алдына чыгууларына көмөк көрсөтүү болуп эсептелет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE