Пример HTML-страницы

Ош технологиялык университетинде дүйнө тилдерин даңазалашты

Акыркы жанылыктар

Turmush21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Ош технологиялык университетинде дүйнөлүк тилдер кафедрасы тарабынан «Канча тил билсең, ошончо адамсың» аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты улуттар аралык достукту, ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын жогорулатуу, бөтөн тилдерди барктоо, сыйлоо, эне тилди баалуулук катары кийинки муундарга өткөрүп берүү болуп саналат.

Иш-чарада ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А.З.Зулпуев кеченин катышуучуларын Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү менен куттуктады.

Мамлекеттик тил, орус тили жана славян маданияты, америка маалымат-ресурстук, корей тил жана кытай тил борборлорунда окуп, тилдерди үйрөнүп жаткан студенттердин катышуусундагы майрамдык кечеде ар улуттун ырлары жаңырып, бий менен коштолгон музыкалык чыгармалар катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулады. Студенттер өздөрү үйрөнүп жаткан тилдерди даңазалоо максатында ар улуттун маданиятын, тилин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, ыр-бийлерди, интерактивдик оюн, юмор жана башка кызыктуу номерлерди аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE