Пример HTML-страницы

Ош шаарынын вице-мэри В.Рыскулованын дарегине айтылган дооматтарга чекит коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын мэриясы Аялдардын эл аралык күнүн белгилөө үчүн сүлгү сатып алууда мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматты текшерүүнү аяктады.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаты Хулкар Исамова билдиргендей, 2021-жылы 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чараны уюштурууда белекке деп алынган сүлгүлөрдүн баасы өз наркынан кымбат көрсөтүлгөн.

Анын айтымында, аялдар күнүнө карата алынган сүлгүлөр Өзбекстанда жасалган, бирок кагаздарда түрк өндүрүшү көрсөтүлгөн.

«15-июнь күнү шаардык кеңештин кезектеги сессиясында 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата иш-чараны уюштуруунун каржылык бөлүгүн текшерүүнү өтүнүп, Ош шаардык прокуратурасына кат менен кайрылгам. Өзбекстанда жасалган сүлгүлөр аялдарга белек катары сатылып алынган. Бирок документ кагаздарына «Түркиянын сүлгүлөрү» деп жазылган», — деген Хулкар Исамова.

Шаардык прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарынын мэрине мыйзам бузууларды жоюу жана келтирилген 203 миң сом өлчөмүндө зыяндын ордун толтуруу өтүнүчү киргизилип, Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн мурунку башчысы А.Калматова жана вице-мэр Венера Рыскулова дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Вице-мэр Рыскулова прокуратуранын катынан жана социалдык тармактарда бул маселе талкуулангандан кийин кызматтык иликтөө жүргүзүү зарылдыгын билдирген.

Мэрия социалдык тармак боюнча вице-мэр иш-чаранын уюштуруу маселелерине жооптуу экенин, бирок каржылык бөлүгүнө жооп бербестигин билдирди. Бардык иш-чаралардын каржылык маселелери Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү финансылык жооптуу жетекчилеринин жана кызматкерлеринин карамагында.

Ушул жылдын 30-июнунда 8-март майрамына карата белектерди сатып алууда Ош шаардык прокуратурасынын (2022-жылдын 29-июнундагы № 11-13 б-563-22) сунуштамасынын негизинде келтирилген 203 миң сом зыяндын орду продукция камсыздоочу (поставщик) тарабынан толтурулган.

Буга байланыштуу Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жетекчилигинин астында, прокуратура өкүлү жана башка кызмат адамдарынын катышуусунда белектерди сатып алуу боюнча жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги каралды.

Анын жыйынтыгы боюнча камсыздоочу (поставщик) тарабынан белектерди жеткирүү шарттарына ак ниетсиз мамиле жасалып, продукцияны камсыздоо шарттарын атайын бузуусу белгиленген. Мындан улам, тиешелүү кызматкерлер тарабынан өз ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылып, жетиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүгү үчүн тиешелүү бөлүмдүн башчысына жана мурдагы башкы адисине эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE