Пример HTML-страницы

Ош шаарынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы айрым көчөлөрдө газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Ошгаз» ишканасы Курманжан датка менен Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 426 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусун аныктаган. Газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 15-август күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин газ берүү токтотулду.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлдү: Курманжан датка, Г.Айтиев, А.Навои, Мамажан, Давыдов, Ленин көчөлөрү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE