Пример HTML-страницы

Ош шаарында бишкектик 3 жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Амир-Темур шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан оор жүк ташуучу автоунаалардын аккумляторлорун уурдап жүргөн шектүүлөр колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ак-Буура милиция бөлүмүнө Д.Д. аттуу жарандан кабар келип түшкөн. Анда 16-17-марттка караган түнү Ош шаарынын Амир-Темур кичи районунда белгисиз жарандар «КамАЗ» унаасынын 25000 сомдук аккумляторун уурдап кеткендиги айтылган. Ошол эле күнү ушундай мазмундагы 4 арыз катталган.

Бул факттар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурулук) белгилери менен катталып, шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чара жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн Амир-Темур шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан 18-март күнү бул кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 24 жана 26 жаштагы үч тургуну кармалды.

Шектүүлөр алгачкы суракта уурдаган аккумляторлорду шаардагы металл кабыл алуучу жайларга 23000 сомго сатып жибергенин айтышкан. Уурдалган аккумляторлор далил буюм катары алынды.

Үч шектүүгө Ош шаардык соту тарабынан баш коргоо чарасы катары 5-апрелге чейин камак түрү тандалып алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE