Пример HTML-страницы

Ош облусунун аймагында 50 айдоочу бир жылга айдоо укугунан ажырады

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылдан тарта Ош облусунун аймагында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол эрежелерин бузган 1856 айдоочуга карата протоколдор түзүлгөн.

Ал эми 2023-жылдын 8-мартынан баштап, Укук бузуулар кодексинин жол коопсуздугу чөйрөсүндөгү эреже бузууларга киргизилген күндөн баштап 70 айдоочу рулду мас абалда башкаргандыгы үчүн кармалган. Алардын ичинен 50 айдоочуга сот органдары тарабынан 1 жылдык мөөнөткө айдоочулук укугунан ажыратуу боюнча чечимдер чыкканю. Натыйжада 7 айдоочуга карата 3 күндөн 5 күнгө чейин камакка алуу чечими кабыл алынган. 13 айдоочунун иштери соттун кароосунда азыркы учурда каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE