Пример HTML-страницы

Окууну бүтүргөн мугалим күтүүсүз жагдайга кабылган. Ал окуя кандай болгонун ачыктады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад мамлекеттик университетин бүтүрүп, мугалимдик кесипке ээ болгон келиндин иши сотто каралды. Ал 1 жылга пробациялык көзөмөлгө алынды.

Айыпталуучу Майрам (аты өзгөртүлдү, Т.М.М.) 1996-жылдын 20-апрелинде Сузак районунда туулган, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, эки баласы бар, мурда соттолгон эмес, убактылуу иштебейт.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүнүн (билип туруп жалган расмий документти пайдалануу) негизинде айып тагылып, баш коргоо чарасы катары башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат тандалып алынган.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Майрам Жалал-Абад мамлекеттик университетинде бюджеттик негизде социалдык-экономикалык билим берүү багыты боюнча окуп, 2017-жылы артыкчылык менен аяктаган. Жумушка орношуу жөнүндө тастыктамага ылайык, Жалал-Абад шаарындагы орто мектепке тарых мугалими болуп кабыл алынган. Бирок ал турмуш шартына байланыштуу мектепте бир күн дагы эмгектенбей, жумушка барган эмес.

2017-жылдын 17-октябрынан тартып 2020-жылдын 30-августуна чейинки аралыкта жогоруда аталган орто мектепте тарых мугалими болуп иштегендиги анык деген жалган маалымат көрсөтүлгөн тактаманы колдонуу менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин атайын окуу бөлүмүнөн дипломун алып кеткен. Анын кесепетинен мамлекетке 115 259 сом зыян келтирилип, зыян тергөө учурунда өндүрүлгөн.

Сот отурумунда Майрам күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2013-жылы жогоруда аталган окуу жайга тапшырып, 2017-жылы аяктагандан кийин аны Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүндөгү мектепке жиберишкен. Ал жерде мектеп директору «жумуш орун жок» дегендиктен башка мектептерге жумуш издеп барган. Бирок жумуш тапкан эмес. 2019-жылы турмушка чыккан. 2020-жылдын октябрь айында Жалал-Абад шаарынын Достук кичи шаарчасындагы орто мектепке барып, директору менен жолугуп, диплом алууга жардам берүүнү суранган. Ал тактама менен Жалал-Абад мамлекеттик университетине барып, дипломун алган.

Майрам бүгүнкү күндө багуусунда эки жаш баласы бар экендигин билдирип, жеңил жаза берүүнү суранды.

Сот отурумунда мыйзамдуу өкүл окуу жайда бюджетте окуган студенттер окууну бүткөндөн кийин 3 жылдан кем эмес Билим берүү жана илим министрлигинин жолдомосу менен жөнөткөн жерге барып, иштеп бериши керек. Иштегенден кийин тастыктоочу тактама жана эмгек китепчесинде ишке кабыл алынгандыгы боюнча буйруктун көчүрмөсүн тапшыргандан кийин диплом берилет. Эгерде жөнөтүлгөн жерде иштебесе окуган жылдары үчүн мамлекет тарабынан каржыланган тийиштүү акча каражатын университеттин эсебине төлөп берип, дипломун алып кетсе болот.

Тактама жазып берген мектеп директорунун айтымында, 2020-жылдын октябрь айында айыпталуучу колунда жаш баласы менен келип, жолдомону көрсөтүп, жардам берүүнү суранган. Ал макул болуп, тактама жазып берген.

Жыйынтыгында Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 11-январындагы өкүмү менен айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробацияны колдонуу) негизинде 1 жылга пробациялык көзөмөлгө алынып, чектелген жазадан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE