Пример HTML-страницы

Нурзат эгиз кыздарды көргөнү барган Боз-Бармак айылына келин болуп калган

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Боз-Бармак айылынын тургуну Нурзат Кожогул кызы жолдошу менен эки жолу гана көрүшүп, үчүнчүсүндө баш кошушкан.

Каарманыбыз 1976-жылы ушул райондун Нурмамбет айылында туулган.

«6 эжем, 2 иним бар. Алардын баары үйлүү-жайлуу болушкан. Ата-энебиз болсо каза болуп калышкан. Алар өмүр бою чабан болуп эмгектеништи. Бизди ушул даражага жеткиришти. Ал эми жолдошум Алтынбек экөөбүз 2 уул, 3 кыз, 5 неберелүү болуп, бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келебиз.

Жолдошум экөөбүз 2003-жылы Биринчи май айылынан таанышканбыз. Мен жеӊемдикине келип, ошол жактан таанышып калдык. Жолдошума абдан ыраазымын, жакшы ата, жакшы жолдош. Балдар тентек кылса да унчукпай отура берет. Момун киши. Жаӊы таанышкан соӊ, 1-2 күн көрүштүк. Биринчисинде кечке маал келди. Жол боюнда сүйлөшүп турсак, ары-бери унаалар өтөт. Алардын жарыгы бизге тийген маалда жолдошум көзү уялганынан бир көзүн жумуп алат. Мен кайра-кайра кайталаганын көрүп, ичимен «таанышпай эле койбой, бир көзү көрбөйт окшойт» деп ойлодум. Анан «эртеӊ күндүз келсеӊ» дедим. Эртеси келди, көзү сонун эле көрөт экен. Таанышканыбызга эки күн болгондон кийин, «агамдын супсулуу болгон эгиз кыздары бар. Жүрү көрсөтүп келейин» деп калды. Оюмда эч нерсе жок эле макул болуп, Боз-Бармак айылына бардык. Өзү: «Агамдар жок турбайбы, азыр чакырып келейин» деп кетти. Анан байкесинин үйүнө кетти деп отурсам, сырттан толтура аялдар кирип келип эле жоолук салышты. Ошондо эмне кыларымды билбей, отуруп калдым. Андан соң жолдошумдун туугандары ачуу басарга кетишти. Ошентип үйдө чакан той болуп, жолдошум экөөбүз баш кошуп калдык», — деди ал.

Нурзат айым келиндик доорундагы окуяларын хоббисин айтып берди.

«Жаӊы келин болуп, арадан 2-3 күн өттү. Мен кечке чейин көшөгөдө отура бергенден тажап, апама (кайын энеме) «сыртка чыгып, оокат кыла берейин, отура берип тажадым» десем, апам макул деп, өзүнүн чоӊ халатын кийгизип койду. Алар келин алабыз деп даярданбаптыр. Апамдын халатын кийип, эшикке чыксам, таштарды тизип, казан асып, от жагып жатышат. Анда тамак жасайм деп, ышка көзүм аябай ачышты. Анан жашоомдо эӊ алгач жолу өз колум менен меш жасадым. Ошол күнкү окуялар азыркы күнгө чейин көз алдымда.

Жолдошум жалгыз бала. Атам-апам колубузда. Ата-энебизге абдан ыраазыбыз. Жолдошум экөөбүзгө көп нерсе үйрөтүштү. Жашоодогу эӊ бактылуу көз ирмемим — эӊ биринчи эне болгонум. Бош убагымда неберелерим менен бийлегенди жакшы көрөм. Хоббим деп койсом болот. Негизи үйдө баарыбыз иштеп, күндүз көрүшпөйбүз. Дем алыш күндөрү баарыбыз короо жайды тазалап, андан кийин чогуу отуруп, тамак ичебиз. Мага ушул көрүнүш жагат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE