Пример HTML-страницы

Нооруз майрамына карата Ысык-Көл милициясынын гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-мартта Каракол шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата Ысык-Көл ОИИБдин гарнизондук бөлүштүрүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага КР президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров өздүк курамды кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга карата сылык жана кылдат мамиле жасоого чакырды.

Иш-чара Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE