Пример HTML-страницы

Нарындын аймагында таштар түшкөн жолдор тазаланууда. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун аймагында таштар түшкөн жолдор тазаланууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кызарт, Долон, Кызыл-Бел, Кара-Гөө жана Кубакы ашууларында жана Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолдорунда унаа каражаттарынын кыймылы үзгүлтүксүз уланып, тайгакка каршы инерттик материалдарды себүү көзөмөлгө алынууда.

Ал эми Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 262-чакырымында жана Жумгал районунун Арал—Миң-Куш унаа жолунда таштар түшүп, тазалоо иштери уюштурулууда.

Жол кырсыктарын алдын алуу жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында посттор уюштурулуп, унаалардын ортосундагы белгиленген кыймыл аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE