Пример HTML-страницы

Мурунку тергөөчү Барман Белеков Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы болду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 26-апрелде Токтогул шаардык кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарынын биринчи жыйыны өттү. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Перизат Бошкоева Токтогул шаардык кеңешинин жаңы шайланган депутаттарына күбөлүк менен төш белги тапшырды.

Борбордук шайлоо комиссиянын маалыматы боюнча, иш-чарага аким Түкебаев А.А., Токтогул шаарынын мэри Болгонбеков Б.Т., БШКнын аппаратынын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Айтикеев Т.О., БШКнын Токтогулдагы атайын өкүлү Ажыканов А.Б. катышты.

Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы кызматына 2 талапкер — «Ынтымак» фракциясынан Барман Белеков менен «Тынчтык» фракциясынан Максатбек Дөөлөтбеков көрсөтүлдү. Добуш берүүгө 31 депутаттын баары катышты. Жыйынтыгында Б.Белеков 16, М.Дөөлөтбеков 15 добуш алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Белеков Барман Самидинович төрага болуп шайланды.

10- апрелде Токтогул шаардык кеңешине депутаттар шайланган. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы 15-апрелде чыккан.

Шайлоонун жыйынтыгы менен Токтогул шаардык кеңешине 7 партия өткөн:

1. «Ата-Журт Кыргызстан» — 6 мандат;

2. «Тынчтык» — 5 мандат;

3. «Ынтымак» — 5 мандат;

4. «Бирге-Вместе» — 4 мандат;

5. «Мекен-Ынтымагы» — 4 мандат;

6. «Ишеним» — 4 мандат;

7. «Эл — Үмүтү» — 3 мандат.

Төрага Белеков Барман Самидинович 1982-жылы 4-февралда төрөлгөн. Жогорку билимдүү, ИИМдин Академиясында билим алган. Ал буга чейин окуу жайда кафедранын башчысы, Каржы полициясында тергөөчү, депутаттын консультанты болуп иштеген.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE