Пример HTML-страницы

Мугалимдердин ишембиликке катышканы тууралуу маалыматтарга Кызыл-Кыя мэриясынын билдирүүсү

Акыркы жанылыктар

TurmushКызыл-Кыя шаардык мэриясы ишембиликтерге тартылып жаткан мугалимдер тууралуу 30-мартта жалпыга маалымдоо каражатында, социалдык түйүндөрдө жарыяланган макала боюнча жооп берди.

«Президенттин 2022-жылдын 31-январындагы №17 «2022-жылы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыгын жана Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-мартындагы №95-т тескемесин ишке ашыруу максатында «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясын бардык аймактарда өткөрүү белгиленген. Баткен облусунун аймагында шаарлардын жана калктуу конуштардын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү жөнүндө президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн №63-б буйругуна ылайык, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын №54-б буйругу чыгып, Кызыл-Кыя шаарынын аймагында санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилген. Анда шаардагы мекеме-ишканалар жана уюмдарга менчигинин түрүнө карабастан активдүү катышуу жагы тапшырылган.

Көчөлөрдү, короолорду тазалоо, турак үйлөрдүн сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү, айланасын көрктөндүрүү боюнча жуманын ар ишемби күнү ишембиликтер өткөрүлгөн. Кызыл-Кыя шаарынын борбордук көчөлөрүн жеңил таштандылардан тазалоо (полиэтилен пакеттерини, желим бөтөлкөлөрдү ж.б.) боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлери — бир гана мугалимдер же оорукананын кызматкерлери эмес Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлери, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары, аппараты, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, имамдар, жеке ишкерлер жана жалпы Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары шаардын тазалыгы үчүн эртең мененки саат 9:00дөн 10:00 гө чейин тартылган.

Бул иш-чара Кызыл-Кыя шаарында гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат. Шаарыбызда жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштери жыл сайын жаз мезгилинде жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу бул убактылуу көрүнүш экендиги баарыбызга белгилүү», — деп билдирди Кызыл-Кыя шаардык мэриясы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE