Пример HTML-страницы

Москва районундагы жаңы жылдык майрамдан кийинки мал жана жайма базардын абалы

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 8-январда Чүй облусунун Москва районунда жайма базарда сатуучулар кескин түрдө азайды

Ар айдын жекшемби күнү Беловодск айылында мал жана жайма базар уюштурулат.

«Адатта, ар айдын жекшемби күнү жайма базар уюштурулат. Анда көбүнчө мурда колдонулган буюмдар, кийим-кече, унаа тетиктери жана башкалар сатылат. Бул күнү базарда негедир сатуучулар аз. Анын бирден бир себеби, соода-сатык ачык асман алдында жүргүзүлөт. Ырас, жерге шагыл таштар төгүлүп тегизделген. Бирок, үстү жабылбаган соң, ал жерде карлар эрип, музга айланган. Ошол кар, муз үстүнө айрымдар кездеме төшөп, сатылуучу буюмдарын жайышкан. Эми алар отурган жердеги кар, муз эрип, суу болуп, отуруп сатууга шарт да жок», — деп жергиликтүүлөр нааразы болушууда.

Ал эми мал базарга 2 жаштагы гиссар коюн алып келген Петровка айылынын 30 жаштагы тургуну Саша: «Үйдө онго жакын коюбуз бар. Биз аларды багып, семиртип сатабыз. Бул гиссар кочкору 2 жашта. Кардарларга 30 миң сомго сата турганымды айтуудамын. Ал эми бүгүн мал базарда койлор эттүүлүгүнө, көлөмүнө жана жашына жараша 10 миңден 25 миңге чейин бааланууда. Эчкилер 8-10, уйлар 80 миңден жогору баада суралууда», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE