Пример HTML-страницы

Москва районундагы ооруктун ардагерлеринен кабар алынды

Акыркы жанылыктар

TurmushУлуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата Чүй облусунун Москва районундагы соцкызматкерлер ооруктун ардагерлеринин үйлөрүнө барып, майрамдык маанай тартуулашты. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Керимбай кызы Айымкан билдирди.

Анын айтымында, учурда райондо ооруктун 4 ардагери жашайт.

«Убакыт өткөн сайын Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын арасы суюлуп отуруп, райондо көзү тирүү бирөө да калган жок. Ал эми ооруктун 4 ардагери учурда балдары, небере-чөбөрөлөрү менен жашап келет. Алардын эң улуусу Асанбаева Жамбы (100 жашта), андан соң 93 жаштагы Любовь Иванченко, 92 жаштагы Ислам Арабов жана 86 жаштагы Мекешова Утай. Биздин соцкызматкерлер ошол ардагерлердин үйлөрүнө барып, жашоо шарттары, ден соолугунан кабар алышты. Ошондой майрамдык белектерин беришти», -деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE