Пример HTML-страницы

Москва районундагы мал базарда 3 жаштагы гиссар тукумундагы кочкор 70 миң сомго бааланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы мал базарда 3 жаштагы гиссар тукумундагы кочкор 70 миң сомго суралды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ар жуманын жекшемби күнү райондун борбору Беловодск айылында мал базар өтүлөт.

Бүгүн, 6-январда өткөн жумаларга караганда гиссар тукумундагы кочкорлор сатыкка көп коюлду.

«Мал базар күндөрү үйдө багылган гиссар кочкорлорумду сатыкка коём. 1-2 жаштагы кочкорлорду дүңүнөн эле 30 миң сомдон сурап жатам. Бул кочкорлорго кошулган койлор 5 ай 5 күндөн кийин төл бере баштайт», — дейт Беловодск айылынын тургуну.

Ал эми Петровка айылынын тургуну төмөнкүлөргө токтолду.

«Гиссар кочкорум 3 жаштан өттү. Эттүү жана салмактуу. Мен аны 1 жашында сатып алгам. 2 жыл койлорума коштум. Эми 70 миң сомго сатам», — дейт ал.

Беловодск айылындагы мал базарда эттүү койлор 15-25 миң сом, козулар 8-10 миң сом, уйлар 80 миң сомдон ашуун баада суралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE