Пример HTML-страницы

Москва районунда сулп эт 650 сомдон сатылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылында малдын сулп эти 650 сомдон сатылууда. Аймактык кабарчы башка азык-түлүктөрдүн баасын да тактады.

Соода комплексиндеги сатуучулардын айтымында, сөөктүү уй эти 520 сомго бааланууда.

«Биздин айылдын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет. Жаз алды менен кеч күзгө чейин талаа жумуштары жана соода- сатык иштери менен алектенебиз. Бүгүнкү күндө пияз 60, помидор 150, картошка 35- 40, сабиз 35, сарымсак 250 , капуста 35 сомдон сатыкка чыкты. Ал эми козу карындын килограммы 350 сом болууда», — деди сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE