Пример HTML-страницы

Москва районунда көмүрдүн баасы кандай болуп жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында Кара-Кече жана Беш-Сары көмүрлөрү сатылып жатат.

Беловодск айылы райондун борбору болуп саналат. Анда Бишкек—Кара-Балта унаа жолунун боюнда көмүр сатуучу жайлар жайгашкан.

Сатуучулардын айтымында, Кара-Кече жана Беш-Сары көмүрлөрүнүн тоннасы 6 миң сомдон сатылып жатат.

«Ал эми иргелген көмүрдөн каптап алсаң, килограммы 6 сом 50 тыйын болот. Тактап айтканда, тоннасы 6500 сом болот. Учурда күн жылуу болгондуктан кардарлар деле аз», — деди сатуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE