Пример HTML-страницы

Министр айым ага эмне берди?

Акыркы жанылыктар

Turmush4 чакырым жол жүрүп, мектепке барган мугалим Каныкей Ыдырысовага ыраазычылык кат берилди. Бул тууралуу Turmush басылмасына эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кеңешчиси Гулзар Абдимиталипова билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармакка тараган видео министрликтин жетекчилигинин көүңүл бурган. Министр Гүлнара Баатырова катаал шартта эмгектенген мугалимге ыраазычылык катын жолдоду. Ыраазычылык катты жеткирип берүү Экинчи элдик курултайга Кара-Кулжа районунан келген делегацияга дайындалды.

Буга чейин Turmush 53 жаштагы Каныкей Ыдырысова Кара-Кулжа районунун Ичке-Суу айылынан жөө 4 чакырым жол жүрүп, Терек-Суу айылындагы окуучуларга билим берерин жазган.

Каныкей Ыдырысова 34 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп иштеп келет. Ал 5 баланын энеси.

Мугалим өзүнүн айылынан мектепке бара жатып видео тарткан. Видеодо кыштын күнү кандай кыйынчылыктар менен мектепке барары тууралуу айтып берген. Видео тамса социалдык тармактарда тарап, талкууга алынды.

Ыдырысованын айтымында, мектепке бара жаткан аска-зоолорду аралап өтөт. Ошондой эле жолдун алдында шар аккан дарыя бар. Кар көп жааганда аскадан кар көчкү түшүп, жазында сел жүрүп, жолду бөгөп калат. Бирок мугалимдерге катаал шарт деп, кошумча акча төлөнбөйт.

«4 чакырымга жакын жол жүрүп, иштейм. Жөн гана кар жааган күнү видео тартып, мектеп ушундай алыс деп тайпалаштарыма, классташтарыма жиберип койгом. Кечинде бизде электр жарыгы өчтү. Уктап турсам эле алар социалдык тармактарга жүктөп, тарап кетиптир. Эки күн «Дагы эмне деп жазып ийишет экен» деп кооптонуп жүрдүм. Баары жылуу пикирлерин жазыптыр. Мектеп директору кечээ видеону көргөндө «Кыйналып келипсиз да» деп койду. Унаа алууга каражатым деле жок, айлыгым менен үч студентти окутуп жатам», — дейт Каныкей Ыдырысова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE