Пример HTML-страницы

Манастагы көлмөлөрдө казакстандык жарандар да эс алат. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБыйыл жыл башынан бери Талас облусунда сууга чөгүп каза болгондор боюнча 7 учур катталды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга байланыштуу облустун бардык райондордо түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Манас РИИБдин коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери туристтик мезгил башталгандан бери эс алуучу жайларда коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-мерчемдерди иштеп чыккан.

«Манас району Казакстан Республикасы менен чектеш жайгашкандыктан коңшу өлкөдөн дагы сууга түшүп, эс алууга жарандар байма-бай келип турат. Арал, Покровка, Бала-Саруу, Таш-Көл, Май айылдарында жана суу бөлүштүрүүчү жайларда дайыма түшүндүрүү иштери жүрүп турат. Анда туристтерге сылык мамиле кылуу, коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар берилет. Куткаруучулар текшерилип, суу кырсыктарын алдын алуу максатында кандай кырдаал болбосун «102», «112», «103» кызматына кайрылса болорун эскертишет.

Ошондой эле жарандарга визиттик карточкалар таратылып, юридикалык кеңештер берилет. Милициянын көчмө кабылдамасы кайрылууларды кабыл алат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE