Пример HTML-страницы

Манас районунда Баткен окуясынын ардагерлерине сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-октябрда Манас районунун Покровка айылындагы «Афган-интернационал» сейил багында Баткен окуясында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Анда эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды.

Иш-чарада 1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагындагы эл аралык бандиттик түзүлүштөрдү жоюу жана жок кылуу боюнча күжүрмөн иш-чараларда аскердик милдеттерин ак ниет менен аткаргандыгы үчүн бир ардагерлер Манас райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен сыйланышты.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Покровка айыл өкмөтү тарабынан сый тамак уюштурулду.

1999-2000-жылдары Баткен окуясына Таластан эки жүздөн ашык жигит аттанып, алардын ичинен 4 жоокер курман болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE