Пример HTML-страницы

Кызыл-Кыя шаарында үйүндө баңгизат өстүрүүгө шектелген адам кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-август күнү Кызыл-Кыя шаарында үйүндө баңгизат өсүмдүгүн өстүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, жергиликтүү тургун үйүндө баңгизат өсүмдүгүн мыйзамсыз өстүрүп жаткандыгын аныкташкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 288-беренесинин 1-бөлүмүндө (баңгизат каражаттарын камтыган өсүмдүктөрдү себүү жана өстүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын С. аттуу жашоочусу кармалды. Азыркы күндө соттук-химиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE