Пример HTML-страницы

Кышында турак жайы өрттөнүп, 15 жылдан бери батирде жашаган жалгыз бой эненин жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushКычырагын кышта үйү өрттөнүп, 15 жылдан бери балдары менен ар жайда баш калкалаган жалгыз бой эне Жыпарбүбү Инкелешова Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылынын 68 жаштагы тургуну.

Анын татаал тагдыр жолу, оор турмушу, жашоо шарттары менен аймактык кабарчы таанышты.

«Андан бери 15 жылга жакындап калды. Ооба, 2008-жылдын 5-февралы эле. Ошол күн биздин жашообузда, жеке турмушубузда кара түтүн каптаган кайгылуу окуя менен коштолуп, үйүбүз күлгө айланып, кычыраган кыштын ызгаар шамалына сапырылган. Эсимде, 4-февраль күнү Кара-Балта шаарында жашаган кызымдын үйүнө балдарымды таштап, улуу кызымды чет өлкөгө узатуу үчүн «Манас» аэропортуна келгенбиз. Жолдо негедир жүрөгүм бир нерсени сезгендей өзүмчө эле денем оорлошуп, башым да ооруп, көңүлүм уйгу-туйгу болуп турган. Бирок, аны жакшылыкка жооруп, кызымды аэропорттон түн ичинде чет өлкөгө учуруп, түн ката үйгө кайттык. Таң эрте келсек, кара түтүн каптап, устундары кайчылаша жыгылып, турак жайыбыз күлгө айланып калыптыр. Көзүмө капкара эле бир нерселер көрүнүп, эсим ооп жыгылганымды бир билем. Бир аз эсиме келсем, тез жардам унаасы менен келген дарыгерлер алгачкы медициналык жардамын көрсөтүп жаткан экен. Балдарым туш тараптан ыйлашып, мен өзүмчө эле өмүр менен өлүмдүн ортосунда кармашып жаттым. Туура, ошол мүнөттөрдү толук эстей да албайм. Арадан канча убакыт өттү билбейм. Өзүмө келип, акыл-эсимди жыйнасам, үйдө милиция кызматкерлери, ак халатчандар, элдер жүргөнүн баамдадым. Ошентип, үй-бүлөбүздө, жеке тумушубузда өтө оор жагдай түзүлүп, бүт мүлкүбүз, төшөк-жууркан, кийим-кече, мебелдер, өздүк документтер баары заматта күлгө айланды да калды.

Кошуналардын, элдин айтуусу боюнча, өрт электр зымдарынан чыккан деген тыянакка келип, кычыраган кышта, чилденин 5-февралында үй-жайсыз талаада калдык. Элден, туургандардан миң мерте айланса болот. Жаш балдарымды бооруна кысып, үйлөрүнө жайгаштырып, тилсиз жоонун жон терибизди сыйрыган жоругуна баш ийкеп отуруп калдык. Дал ошол учурдан баштап ден соолугум начарлап, ушул күнгө чейин ар жерде ар кимдин үйүндө балдарым, неберелерим менен баш калкалап, батирде жашап келебиз. Баса, өрттөгөн үйдү, жер тилкесин ошол жылдары эле 50 миң сомго сатып жибергем. Антпеске бизде башка жол да, арга да жок эле. Ал акча күндөлүк жашообузга, өздүк документтерди бүтүрүүгө жумшалды», — деп көздөн жаш алды жалгыз бой эне.

Ал андан ары сөзүн улап, үй салууга болгон аракети, берилген жер тилкесинин ызы-чуусу жөнүндө айтып берди.

«Арманым көп, балам. Баарын ичтен сызып, денеме сиңирип, көп нерселерди ачык айтпай жашап келем. Уул-кыздарым өтө намыскөй болгондуктан: «Апа, бул сыноо жараткандын бизге ыйгарган турмуштук чыйралтуусу. Ар бир көйгөйдү эле көтөрүп, элге жар сала бербеңиз. Бул күн да өтөт. Буюрса, үй-жай салууга жер тилкесин алсак эле эл катарына кошулабыз» деп сөзүмдүн алдын тороп турушат. Туура, деңизчи. Бирок, 15 жылга жакын убакыт өтсө да негедир биздин көйгөй чечилбей келет. Анын төркүнү да мындай. Үй өрттөнүп, жаш балдарым менен талаада калган жылдары бизге Вознесеновка айылынан 15 сотых жер тилкесин берүү жөнүндө кагаздар, чечимдер чыккан. Бирок, ал ызы-чуу менен коштолгондуктан бүгүнкү күндө айрым адистердин айтымында, «жараксыз» делет. Эгер андай болсо, бизге эмне үчүн кагаздарын берип, үнүбүздү басып келишет. Анын бирден бир себеби, ошол жылдарда иштеген айыл өкмөт башчысына сот тарабынан кылмыш иши козголуп, бир топ аракеттерибиз теңирден-тескери кеткен. Эми андан бери акимдер, айыл өкмөт башчылары тез-тез алмашып, бизге окшошкондордун көйгөйү чечилбей турат. Ар кимиси ар түрдүү мыйзамды айтышып, башым деле тегеренип бүттү. Жылдар өткөн сайын алга эмес, артка кеткен жолду элестетип, кээде көзүмөн жаш алам.

Жакында, тактап айтканда, жаңы жыл алдында демөөрчүлөрдөн мага бир уй берилди. Ал үчүн ыраазычылык билдирем. Неберелерим сүйүнүп, «Чоң, эне. Сиз кыйын адамсыз. Мына, кардан Аяз кыз жасап, атын Жыпарбүбү деп, сиздин жоолукка окшош жоолук салып койдук. Келиңиз, биз менен сүрөткө түшүп коюңуз?» дешип күлдүрүшөт. Бала да. Алар менен кошо күлүп, сүрөткө да түшүп койдум. Неберелеримдин оюнга баткан жашоосун көрүп, көзүмдүн тирүүсүндө үй-жайлуу кылсам экен деген тилегим артып барат. Мүмкүн жакшы күндөр босогодо тургандыр», — деди ал.

Жалгыз бой эне Жыпарбүбү Инкелешова туулуп-өскөн жери, өмүрлүк жолдошу каза болгондугу жөнүндө төмөндөгүлөргө токтолду.

«1955-жылы 4-апрелде Панфилов районуна караштуу Киров айылында жарык дүйнөгө келгем. Ырааматылык апам Турарбүбү 10 бала төрөп, 4 бир туугандарым каза болгон. Учурда 4 уул, 2 кыз бойго жетип, ар кимиси өз турмуш жолунда. Албетте, бир туугандык карым-катнашыбыз жакшы. Алар оорду колдон, жеңилди жерден алып, дайыма жакындан жардамын көрсөтүп келишет. Орто мектепти аяктаган соң, Бишкектеги соода техникумун бүтүрүп, бул тармакта көп жыл эмгектендим. Турмушка чыгып, 2 уул, 3 кыздуу болдум. Акыркы жылдарда жолдошум менен пикир келишпестиктер болуп, экөөбүз эки жолго түшкөнбүз. Көп убакыт өтпөй эле ал да каза болуп калды. Кантсе да балдарымдын атасы эмеспи. Ар убак балдарым жаркын элесин эскерип келишет. Жаткан жери жайлуу болсун! Жашоодо көп эле кыйынчылыкты көргөнүм, мүмкүн мени турмушка чыйралтты. 5 баламдын, неберелеримдин өмүрүн тилеп, эл арасында жашап келем. Ушуга да шүгүр кылам. Айылдагылар урматташат. Пенсиям тийгиче, дүкөндөрдөн күндөлүк азык- түлүктөрдү карызга да алып турам», — деди Жыпарбүбү эне.

Байланыш номуру: 0551 75 75 63

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE