Пример HTML-страницы

Кыргыз-чектик Баямандын Санкт-Петербургдагы жашоосу жана чыгармачылыгы

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 24 жаштагы Маматкадыр уулу Баяман. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 1997-жылы 21-июлда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Чек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулгам. 2015-жылы Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексин аяктап, Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин табигый-педагогикалык факультетине баргам. Ал жактан биология жана география сабагынан мугалим адистигине ээ болдум. Кесибим боюнча 2 ай мектепте иштедим. Бирок айлык маянанын аздыгына байланыштуу Россиянын Санк-Петербург шаарына иштөөгө келе бердим. «Адал иштин уяты жок» демекчи, алгач кар күрөп иштеп жүрдүм. Албетте, кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок ошол кыйынчылыктар мени чыйралтып, күчтүү кылды десем болот. Бөтөн өлкөдө жүргөндө туулган жердин, ата-энеңдин, өз элиңдин кадыр-баркын билет экенсиң», — деди ал.

Каарманыбыз орус улутундагы аял менен болгон окуясын айтып берди.

«Бул жерде иштеп жүргөнүмө 4 жылдын жүзү болду. Бирок бир да жолу жергиликтүүлөр тарабынан жаман мамилеге туш болгон жокмун. Учурда чабарман (курьер) болуп эмгектенем. Бир буюртманы жеткирип келе жатып, колунда эки чоң баштыкты көтөрүп бара жаткан аялды байкап калдым. Жанына барып, «мүмкүнбү?» деп баштыгын колума ала койдум. Үйүнө чейин баштыгын жеткирип берсем, ал аял абдан сүйүнүп, ыраазычылыгын ыроолоду. Мени бир саамга тиктей калып: «Кайсы жактан болосуң?» деп суроо узатты. Мен «Кыргызстандан болом» деп жооп бердим. Университетте окуп жүргөндө кыргыз жигиттер менен чогуу окуганын, алар абдан сылык келип, адамдык сапаты жогору болгонун айтып, мени менен жылуу-жумшак коштошту. Жаман улут болбойт, жаман адам болот. Бирок ошол эле учурда ар бир адам чыккан элинин, туулган жеринин, тутунган дининин жүзү экенин унутпоо керек деген ойго келип токтолдум», — деди ал.

Анын айтымында, эргүү келип калганда ыр жазмайы да бар.

«Жаш келсе ишке, кары келсе ашка» демекчи, жаштыгымды эмгек жана адал мээнетке сарптап жатам. Бош убактым деле болбойт. Айрым учурда чымыным ойгонуп кетип, эргүү келсе ыр жазмайым да бар. Өзүмдү акын дегенден алысмын, антсе да Кудай тарабынан тартууланган бул талантты таптап алуу менин милдетим», — деди ал.

Аалымдар

Аллах берген өтө кымбат инсандар,

Жер жүзүнө илим нурун чачкандар.

Мураскору болуп сүйкүм элчинин,

Динди жайган биздин асыл аалымдар.

Дини үчүн убакытын аябай,

Илим берет биздин сүйкүм агайлар.

Күнөө ишти көрсө болуп кыжаалат,

Эли үчүн күйүп бышат аалымдар.

Түшүнүгү тайкы кээ бир кишилер,

Жаман сөзүн айта берет жемелеп.

Кыйын болсо аалым болуп албайбы,

Боло албайтко байкуш саткын кимселер.

*******

Апакем

Кардыңа алып тогуз ай бою,

Толготуп мени төрөдүң апа.

Улгайтып мени азамат кылып,

Мээримге дайым бөлөдүң апа.

Ырыскым болуп дайыма,

Ыйласам түндө ойгондуң апа.

Ыймандуу уул болсун деп мени,

Дайыма мени ойлодуң апа.

Пайдасы элге тийсин деп,

Өстүрдүң мени кем кылбай апа.

Ар ишиң жөлөк болоору бышык,

Дубаңыз кантип дем кылбайт апа.

Аллахым аман кылса эле эгер,

Ак сүтүң актаар парзым бар апа.

Ак сүтүң берген тунук бир жолу,

Ай ааламчалык карызым бар апа.

*******

Ашыгым

Сезимге салып дүрбөлөң,

Сенчелик эч ким сүйбөгөм.

Каалагын мейли каалаба,

Карап тур, сага үйлөнөм.

*******

Балалык

Тал чыбыкты тепсеп минип ат кылып,

Түйшүк билбей ойнойт элек бир кезде.

Туш келгендин баарын бирдей дос кылып,

Душмандырым менин анда жок эле.

Бир жей турчу шириндике алданып,

Бирөөлөрдүн ишин деле кылчубуз.

Анан ага кадимкидей мактанып,

Апабызга сүйүнчүлөп барчубуз.

Ошол күндөр канат кагып каккылап,

Учкан куштай алыс кетти шуулдап.

Сагынамын бала кезди эстесем,

Аргасыздан көздөн жашым тамчылайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE