Пример HTML-страницы

Кол салуулар көп болуп, эли ташка айланган Лейлектеги айыл

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кең-Талаа айыл аймагында Жети-Таш айылы жайгашкан. Жалпы 130 кожолуктан турган бул айылдын аталышы жана тарых-таржымалы боюнча жергиликтүү тургун Айчүрөк Жакшыбаева айтып берди.

«Айылдын мурдагы аталышы Дархум болгон. Жалпак тил менен чечмелегенде, «дары кум» дегенди билдирет. Айыл 2-кылымдарда пайда болуп, тили тектеш калктарыбыздын тарыхта белгилүү болгон ордо бабалары гундар (хун) жашап өткөн деген тарыхый божомолдор бар.

Аталышы Жети-Таш деп жакында эле өзгөрдү. Анткени айылдын кире беришинде чоң адамдардын сөлөкөтү сыяктуу таштар бар. Алардын саны жетиге жетет. Ушундан улам Жети-Таш деп аталып калган. Бул катары менен тизилген таштар боюнча да уламыштар айтылып келет. Кайсы бир заманда айылдагы жашоочуларга душмандар кол салып келген. Ошондо жергиликтүүлөр тоо аралап качышат. Алардын арасында баласын жоонуна көтөргөн эне да болгон.

Качып бара жатышып, жаратканга «душмандын колуна түшпөйлү» деп жалбарышат экен. Натыйжада алар ташка айланып калышкан деген айың кептер айтылып жүрөт. Бир караган адамга, чынында адамдар качып бара жаткандай элес көрүнөт. Айтмакчы, арасында бешикти башына көтөрүп бара жаткан эненин сөлөкөтү да бар», — деди ал.

Жети-Таш айылынын жери кайракы болгондуктан, арпа жана буудай айдалат. Элинин 95 пайызы мал чарбачылык менен алектенишет. Мындан сырткары килем токууну жакшы өздөштүрүшкөн. Айылда ФАП, чайкана, бала бакча жана мектеп бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE