Пример HTML-страницы

Кочкорлук фермер А.Бейшебаев койлорду асылдандыруу үчүн 90 000 сомго кочкор сатып алды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Ара-Көл айылындагы фермер Атабек Бейшебаев 90 000 сомго «Арашан» породасындагы кочкор сатып алып, койлордун асылдуулугун арттырып жатат.

  • Атабек Бейшебаев 1980-жылы Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылында туулган. 1997-жылы Туз айылындагы орто мектебин бүткөн. Ошондон бери мал жана дыйкан чарбачылык менен алектенип келе жатат. Жубайы Наргиза Акынбекова чарбалык иштерине кол кабыш кылат. Экөө бир кыз, үч уулдуу болушкан. Кызы 8-класста, бир уулу 7-класста окуйт. Андан кийинки уулу 2-класс, кенжеси 3 жашта.

«Быйыл “Арашан” породасындагы койлорду өстүрүүнү максат кылып 90 000 сомго кочкор сатып алгам. Жаңы алганда 170 киллограмм салмакта болчу. Быйыл эки ирет кой куудурдум. Ошол себептен бир аз салмагын жоготуп, 130 килограмм салмакта болуп калды. Койлор Узун-Булак жакта сарайда багылат.

Кыш айы колдон тоют жебей бетеге чөп менен азыктанат. Бетеге жеген мал этин кое бербей, кыштан жакшы чыгат. Койлор төлдөп, тууруна 10 күн калганда эле тоют беребиз», — деди ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE