Пример HTML-страницы

Кочкордо капканга түшүп калып, өз бутун кырчып жаткан карышкыр өлтүрүлдү (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда малчылардын тынчын алган 2 карышкыр капканга түштү. Бул тууралу Turmush басылмасына мергенчи Жанат Көкөбаев илдирди.

Маалым болгондо, Кум-Дөбө айыл аймагынын Шамшы айылынын тургуну, мергенчи Кылыч Осукеев малчыларга тынчтык бербей жылкы, уй, койлорун жеп жүргөн карышкырларга капкан салган. Ортоктун Кара-Тоосуна салынган 2 капканга 2 карышкыр түшкөн. Анын бири мергенчи барганда капканга түшкөн өз бутун кырчып жаткан. Эгерде Кылыч Осукеев барбаганда карышкыр бутун кырчып салып кутулуп кетмек.

Кылыч Осукеев Шамшы айылынын тургуну. 1969 -жылы туулган. Ал былтыркы жылы да капкан менен карышкырларды кармаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE