Пример HTML-страницы

Кесиптик лицейдин директору менен орун басарынын чуулуу окуясы. Жагдайлар ачыкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Араван районунда кесиптик лицейдин директорунун орун басары кызматтан бошотулуп, кайра сот аркылуу кызматына кайтып барды.

Дамира (аты өзгөртүлдү, Д.С.К.) сотко доо арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында жайгашкан кесиптик лицейде кадрлар бөлүмүнө инспектор болуп 1993-жылы ишке кабыл алынып, 29 жылдан бери эмгектенип келген. Андан кийин 2018-жылдын 2-апрелинен баштап аталган кесиптик лицейдин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары болуп которулган. Бирок кесиптик лицейдин директору 2022-жылдын 18-августундагы буйругунун негизинде 2022-жылдын 1-сентябрынан баштап аны ээлеген кызмат орудунан эч бир себепсиз мыйзамсыз түрдө бошотуп салган. Ал директордун бул буйругуна макул болбой, аталган лицейдин жамаатына арызданган. Ал боюнча 2022-жылы 7-сентябрда кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу өтүп, анда аны колдоодон баш тартышканын көрсөтүп, доо арызын канааттандырып берүүнү суранган.

Соттук отурмда жоопкердин ишеним кат боюнча өкүлү доо арызга макул болбой, доогер Дамира чындыгында жогоруда аталган кесиптик лицейинде көп жылдардан бери эмгектенип келгендигин, ал эми аны жумуштан бошотууга биринчи кезекте анын билими ээлеген кызмат ордуна дал келбегендиги негиз болгондугун, мындан тышкары ал 2022-жылдын 8-июнунан 12-августуна чейин эмгек өргүүдө болуп, эмгек өргүүсү бүткөнүнө карабастан 30-августка чейини ишке кайтпагандыгын, ошондой эле окуу жылы башталарга жакын лицейдин оңдоо иштерине да катышпагандыгын, жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйрукту мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептей турганын билдирди. Бирок алардын катачылыгы катары Дамиранын эмгек китепчесине эч кандай жазуулар толтурулбастан жана анын өзүнө тапшырылбай калгандыгын мойнуна аларын айтып, доо арызды канааттандыруусуз калтырууну сурады.

Сотто күбө катары суралган кесиптик лицейдин директорунун айтымында, 2021-жылдын декабрь айында директор болуп дайындалып келген. Келгенде Дамира директордун убактылуу милдетин аткаруучу болчу. Ал чындыгында аталган кесиптик лицейинде көп жылдардан бери эмгектенип келген. Аны жумуштан бошотууга билими ээлеген кызмат ордуна дал келбегендиги негиз болгон. Мындан тышкары аталган лицейдин көрсөткүчтөрү төмөндөп кеткен. Дамирага карата адамгерчилик кылуу максатында анын эмгек китепчесине берене менен кетирүү жөнүндө маалымат жазган эмес. Ошондуктан анын эмгек китепчеси эч кандай жазуулар менен толтурулбастан колуна берилген.

Соттук отурумда аныкталгандай, доогердин эмгек китепчесине Дамира эмне себептен жумуштан бошотулганы жөнүндө эч кандай маалымат киргизилген эмес.

Жыйынтыгында Араван райондук сотунун 2023-жылдын 16-январдагы чечими менен доо арыз канааттандырылды.

Ош облусунун Араван районунда жайгашкан кесиптик лицейдин директорунун 2022-жылдагы 15-августундагы доогерди жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйругу жокко чыгарылды. Дамира кызмат ордуна кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE