Пример HTML-страницы

Кеминдеги жубайлар Канат менен Ажар «Камкор ата-эне» номинациясын жеңип алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районунун тургундары — Канат Акматбеков менен Айыпбек кызы Ажар бирге түтүн булатып келе жаткандарына 14 жыл болду.

Жубайлар жакында эле Кемин районунда өткөн «Камкор ата-эне» сынагында «Камкор ата-эне» номинациясын жеӊип алышкан. Алардын бири — Айыпбек кызы Ажар менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен 1991-жылы 27-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Суу айылында төрөлгөм. Жолдошум Канат Акматов менен баш кошуп, түтүн булатып келе жатканыбызга 14 жыл болду. Экөөбүз 2 уул, 2 кызды татыктуу тарбиялап келебиз. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде окугам. Бирок, азыр үйдө бала тарбиялоо менен алекмин. Жолдошум болсо юрист. Бирок өз кесиби менен иштеген жок. Учурда айыл чарбасы менен алек.

Үй-бүлөбүз үлгүлүү деп айтсам деле болот. Кайын эне, кайын атам айылдын ардактуу адамдары. Балдарды тарбиялоодо атайын эреже деле жок. Балдардын да оюн билип, эмнеге кызыгат, кайсы жакка шыгы бар жана башкасын байкаганга аракет кылабыз.

Үй-бүлөдөгү эӊ бактылуу көз ирмемдер — ар бир балабыздын жарык дүйнөгө аман-эсен келиши. Эӊ негизгиси үй-бүлө бактылуу болуш үчүн ата-эненин бири-бирине болгон мамилеси жакшы болуш керек. Бардык жагдайда бири-бирин түшүнүү абзел.

Келечекте максаттарым балдарыма татыктуу тарбия берип, билим алууларына шарт түзүп берсек дейм. Чын айтсам, бош убакыт деле жок. Бирок, бош болгондо айылдагы кээ бир айымдарга маникүр жасайм жана комуз чертем», — деди ал.

Ажар айым эсте калган окуяларынан айтып берди.

«Жолдошум экөөбүз жаңы үйлөнгөн кезибиз. Бир күнү экөөбүз таарыныша кеттик. Кыш мезгили болчу. Терезелерге клеенка кагып жатканбыз. Анан үн-сөз жок, бири-бирибизди карабай кагып жатабыз. Бир терезенин клеенкасын кагып бүтүп, жолдошум колун чыгарайын десе чыкпайт. Көрсө, мээлейин кошо кагып салыптыр. Экөөбүз ошол жерден күлүп жибердик. Ошону менен таарынычыбызды унутуп калганбыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE