Пример HTML-страницы

Кемин райондук салык кызматынын мурунку жетекчиси Ренат Саткынов жол кырсыкта каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин райондук салык кызматынын мурунку жетекчиси Ренат Саткынов жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

Жол-транспорт кырсыгы 26-сентябрда катталган. 40 жаштагы Ренат Саткынов унаада жалгыз болгон.

Кемин райондук мамлекеттик администрациясы маалыматты тастыктап, анын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда Ильич айылында акыркы сапарга узатылганын билдирди.

Ренат Саткынов Кемин райондук салык кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Бир ай мурун бул кызматтан өз каалоосу менен арыз жазып кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE