Пример HTML-страницы

Кең-Булуӊдагы жашоочулар жүк ташыган унаалар жолду талкалап жатканын айтып чыгышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуӊ айылындагы жолдорду карьерден чыккан жүк ташуучу унаалар талкалап жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына жашоочулар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган жолго 2 жыл мурун асфальт төшөлүп, оңдолгон.

«Мамлекет долларлап сырттан карыз акча алып келип, жолдорду салат. Бирок ошол жолдорду ушундай жүк ташуучу унаалар талкалап жатат. Бул Кеӊ-Булуӊ айыл өкмөтүнө караштуу Пушкин жолу. Карьерден чыккан жүк ташуучу унаалар жолго шагыл-кум түшүрүп булгап, эки айылды бириктирип турган көпүрөнү дагы талкалап бүтүштү. Асфальт жол болсо 2 жыл мурун жасалган. Эми минтип ырайы кетти», — деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE