Пример HTML-страницы

Караколдук Бакыт Акматов жылына карагаттын 10 миң көчөтүн сатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Бакыт Акматовдун учурда иши кызуу башталды. Анткени ал жаздын келиши менен өстүргөн көчөттөрүн сатып келет.

Өзүнүн айтымында, көчөт сатууну 22 жыл мурун баштаган.

«10 жылга жакын питомниктерден алып келип эле сатчумун. 2010-жылдан тарта өзүм өстүргөн көчөттөрдү сатууга өттүм», — дейт ал.

Башында мөмө бактарына болгон суроо-талап жогору болсо, азыр карагатка суроо талап өсүп жатканын айткан Бакыт Акматов: «Мурда мөмө бактары, алма, алмурут, алча, шабдаалы көчөттөрү жакшы өтүп, жылына 20 миңге чейин көчөт сатчубуз. Азыр эл көбүнчө питомниктерге барып алышат. Андыктан 5 миңге жакын гана көчөт сатабыз.

Азыр карагатка суроо-талап жогору болуп жатат. Өзүм 20 сотых жерге көчөттөрдү олтургузуп багам. Анда Алтай, Белоруский десерт, Иссык-Кульская жемчужина, капитандын эки сорту бар. Жылда карагаттын 10 миң көчөтүн сатам», — деди.

Бир көчөт баасы сортуна жараша 60 сомдон 250 сомго чейин бааланат.

«Негизи көчөттүн боюна эмес, тамырына карап алуу керек. Анан эмнеге өлтүрүлгөнүн тактап алуу керек. Көпчүлүк питомниктер атайын амофос жана башка жер семирткичтерди колдонот. Көчөт сатып алган киши үйгө келгенде аларды чачпайт, анан көчөт өспөйт же өлүп калат. Ошондуктан таза кыркка өскөн көчөттөрдү гана алуу керек», -дейт багбан.

Багбандын келечекте карагатты айдоо жерин көбөйтүп, жаңы иш орундарын да түзсөм деген планы бар.

Б.Акматов 1979-жылы туулган, төрт баланын атасы. Ал бир нече кесиптин ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE