Пример HTML-страницы

Каракол токой чарбасында мыйзамсыз кыйылган дарактар боюнча зыяндын ордун толтуруу аракеттери көрүлүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол токой чарбасынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жана Ысык-Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнө караштуу туристик экологиялык милиция кызматкерлери биргеликте рейд өткөрүштү.

Маалым болгондой, Каракол токой чарбасынын кызматкерлери үчүн токойду коргоо жана сактоо жаатында көйгөйлүү маселелердин бири болгон Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №126 мыйзамы менен колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жɵнүндɵгү кодексинде токой тармагын башкаруучу мамлекеттик органына ыйгарым укугу берилбей калгандыктан, токой мыйзамдарын бузуучуларга карата доо коюлуп, бирок айып салынбай келет. Себеби Кодекстин 457-беренесине ылайык, мамлекеттик токой фондусунун аймагындагы укук бузууларга чара колдонуучу катары айлана-чɵйрɵнү коргоо жана экологиялык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталып калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө МТФнын аймагында мыйзам бузуу фактыларына карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте иштер жүргүзүлүүдɵ.

Ал эми Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматынын 2022-жылдын 5-декабрындагы мамлекеттик токой фондунун (МТФ) аймагында жаш ийне жалбырактуу токойлорду мыйзамсыз кыюулардан коргоо жана мыйзамсыз кыюуларга бɵгɵт коюу максатында үзгүлтүксүз рейд иш-чараларын уюштуруу жɵнүндɵ буйругуна ылайык чыккан Каракол токой чарбасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы токой башчыларынын жана кызматкерлеринин жума сайын рейдке чыгып туруу буйругунун негизинде, мамлекеттик токой фондунун аймагында токой коргоо жумуштары активдүү колго алынып, рейд иш-чаралары уюштурулду. 2022-жылдын декабрь жана 2023-жылдын январь, февраль айларына карата жалпы мыйзамсыз токой кыюу фактысы боюнча 471,5 миң сомдук 15 иш материал аныкталып, кɵлɵмү 59,8 метр кубду түзгɵн 75 түп бак-дарактардын мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталган. Анын ичинен 7 иш боюнча 19023 сом ɵндүрүлгɵн.

Мыйзамсыз токой кыюу фактылары боюнча укук коргоо органдарына тиешелүү иш материалдар ɵткɵрүлүп берилип, мыйзам бузууну жасаган жактарды табуу менен МТФга келтирилген зыянды ɵндүрүү боюнча тергɵɵ амалдары жүргүзүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE