Пример HTML-страницы

Каракол шаарында белгиленген Балдарды коргоо күнү (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, анда калаадагы бардык бий топтору жана Бишкек шаарынан келген цирк өнөрпөздору балдарга концерттик программа тартуулашты. Ошондой эле балдар менен иштеген мекемелер, китепкана жана маданият тармагынын өкүлдөрү балдарга майрамдык маанай тартуулашты.

Аны менен катар жол көзөмөлдөөчүлөр, милиционерлер, дарыгерлер жана өрт өчүрүүчүлөр өз кесиптери тууралуу айтып беришип, кандай кызмат аткарышарын балдарга көрсөтүп беришти. Ошондой эле алар балдарга экология боюнча маалымат беришип, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдар сүрөт тартышты. Аны менен катар балдар үчүн бир катар кызыктуу оюндар уюштурулду. Музей, зоопарк, парктар балдар үчүн бекер кызмат көрсөттү. Мындан сырткары 3 миң балага бекер балмуздак таратылды.

«Жергиликтүү бюджеттен ата-энесинен ажыраган 55 балага жана церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарга 1 миң сомдон акчалай жардам берилди. Ушул эле балдарга демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды», — деди вице-мэр Гүлназ Орозов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE