Пример HTML-страницы

Кара-Сууда «Лексус» айдап бара жаткан 50 жаштагы аял ооруканага жеткирилди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 28-май күнү саат 17:40 чамасында Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында болгон унаа кырсык боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, Сузак районунун 1972-жылы туулган тургуну Р.Н. (аял) «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып Отуз-Адыр каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына кайрылган. Бул кырсык Кара-Суу РИИБде каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин күбөлөр аталган унааны аял айдап келе жатып кырсыкка кабылганын билдиришкен. Аны тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен. Айдоочу алдындагы унаадан ашып өтөм деп жатып кырсыкка кабылган болушу мүмкүн экендиги болжолдонгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE