Пример HTML-страницы

Кара-Суу шаарында катары менен 3 үй өрттөндү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Суу шаарында үй өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Д.Чотонов көчөсүндө болгон. Үйдөн чыккан өрт жанындагы 2 үйгө өткөн. Анын кесепетинен үйдүн 5 бөлмөсү толугу менен, экинчи үйдөн 1 сыналгы, 1 муздаткыч, 4 килем, 2 эмерек, үчүнчү үйдөн 2 килем, 1 килем, 1 муздаткыч күйүп кетти. Өрттүн жалпы аянты 580 чарчы метрди түздү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE