Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө жапайы малинанын чоң чакасы 1800 сомго бааланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарында тоо (жапайы) малинасынын 1 килограммы 180 сомго чейин сатылып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Базардагы алып сатарлардын айтымында, малинаны жашоочулар Комсомол айылындагы жайлоодон терип келип, дүңүнөн сатып алуучуларга 10 литрлик чака менен 1400 сомдон өткөрүшөт. Ал эми алар Кара-Көл шаарына алып келип, 1800 сомдон сатышат.

Токтогул шаарында 1 чоң чака (10 литр) малина 1500-1600 сомго бааланып жатат.

Жергиликтүү жашоочулардын көбү малинага кум шекер кошуп, муздаткычка салып, кышка сакташат. Алар тоо малинасынан жасалган кыямды баалашат. Анткени тоо малинасынын дарылык касиети бар. Ошондой эле алар карагат, бөрү карагатка (барбарис) кум шекер аралаштырып, кышка сакташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE