Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө шаардык кеңештин кезектеги сессиясы өттү. Депутаттар кандай маселелерди талкуулашты?

Акыркы жанылыктар

Turmush20-декабрда Кара-Көл шаардык кеңештин 33 сессиясы болуп өтүп, ага 23 депутат катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Күн тартибинде шаардын быйылкы күз-кыш айларына даярдыгы, шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына лизинг аркылуу комбинациялаган жол унаасын сатып алуу жөнүндө токтом кабыл алуу, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке компенсация катары келип түшкөн 162,9 миң сомго максаттуу иш-чараларды бекитүүгө макулдук берүүгө токтомдор кабыл алуу, салык кызматынын балансында турган имаратты жер тилкеси менен шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп берүү, Кетмен-Төбө айылында жайгашкан жылуулук от казанын «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын Каракол филиалына өткөрүп берүү маселелери каралды.

Жаз-кышка даярдык боюнча депутаттар «Кыргызжылуулукэнергонун» Каракол филиалындагы жетекчисине, №30 жол тейлөө ишканасынын башчысы, Каракол РЭТ ишканасынын башчысына кемчиликтер белгиленип, суроолорго жооп алынды.

Эл өкүлдөрү шаарда график менен өчүрүлүп жаткан электр энергиясы туралуу РЭТтин башчысынан сурашты.

«Эмне себептен электр жарыгы өчүп жатат? Жообун оңдоо иштерине байланыштырасыңар. Эмне үчүн оңдоо иштери жаз менен жайда жүргүзүлбөйт? Эмне үчүн элдер борбордук жылуулук берүүгө кошулган эмес? Көмүрдүн баасы кымбат», — деген суроолорду беришти.

РЭТ башчысы шаарда авариялык гана өчүрүүлөр болуп каларын айтты.

«График менен өчүрүүнү билбейм», — деп жооп берди.

Эл өкүлдөрү электр жарыгын өчүрөрдө алдын ала кабар берилиши керектигин билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE