Пример HTML-страницы

Кара-Көл шаарындагы көлдү убактылуу байырлаган өрдөктөр (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы көлгө өрдөктөр келе баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, шаардагы Комсомол көлүнө өрдөктөр акыркы 3-4 жылда келип баштаганын байкоого болот. Буга чейин аталган көлдөгү өрдөктөр атылып жатканы тууралуу маалымат тараган.

Кара-Көл шаарында мыйзамсыз аңчылыкты азайтуу жана жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү боюнча иш алып барган коомдун жетекчиси Автандил Мамытовдун айтымында, Комсомол көлүндө жергиликтүү өрдөктөрү жок.

«Алар келип-кетчү өрдөктөр, мезгил-мезгили менен келип-кетип турат. Тактап айтканда, жыл сайын март айында келишет. Быйыл өрдөктөр 26-февралдан баштап келе баштады. Апрелге чейин келе беришет. Алар чоң дениздерден март ичи Кыргызстанга, Казакстанга учуп келип байырлашып, андан соң Россияны көздөй жер которушат. Ал жактан жумуртка басып, көбөйүп, кайра сентябрь-октябрь айларында артка кайтышат.

Негизинен өрдөктөрдү Комсомол көлүнөн атууга мыйзам жол бербейт. Себеби шаардын ичинде мылтык атууга уруксат берилген эмес. Өрдөктү мыйзамсыз аткандарга, ар бир башына 3000 сом, кошумча 12 500 сом административдик айып пул салынат. Биздин Кара-Көл аймагында Күрп-Сайдагы Нарын дарыясында, Токтогул суусактагычында, Камбар-Атанын көлдөрүндө жергиликтүү өрдөктүн түрүнөн чулдук, кызыл баш, чүрөк деген түрлөрү байырлайт. Алардын жалпы саны 800дөн баштан 1500 башка чейин жетет.

Канаттууларды мыйзамсыз атууларды алдын алууга жалпы шаардыктар, коомчулук жардам берсе. Атып жаткан фактылар кездешсе бизге айтып, видео тартып жөнөтүшсө болот. Азырынча өрдөктөрдү атып жатат деген сөз болгону менен факты жүзүндө далилденген жок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE