Пример HTML-страницы

Кара-Буура районунда эркин күрөш боюнча эстафеталык турнир өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунда 1982-жылы туулган классташтар 20 жылдык мааракесине карата балдар арасында эркин күрөш боюнча эстафеталык турнир өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

«Биз 20 жылдык мааракенин урматына деп турнир менен кошо Кызыл-Адыр айылындагы күрөш залынын 2 бөлмөсүн толук оңдотуп бердик. Ошондой эле Кызыл-Адыр айылынын Москвадагы активдүү балдары спорттук инвентарь алып беришти.

Турнирге Талас облусунун бардык аймактарынан балбандар катышып, жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Жыйынтыгында турнир эстафеталык түрдө 1983-жылы туулган классташтарга өткөрүлүп берилди», — деди уюштуруучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE